2015-жыл "Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыяланды

2015-жыл "Улуттук экономиканы чыңдоо жылы" деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-декабрда кол койду. Маалыматты президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкта мындай деп белгиленет:

"Өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо, эмгекчил адамдын кадыр-баркын көтөрүү, укуктук мамлекеттин негиздерин бекемдөө жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча акыркы жылдары көрүлгөн чаралардын натыйжасында өлкөгө туруктуулук келди.

Ушул шарттарда кыргызстандыктар үчүн экономикалык кызыкчылыктар алдынкы орунга чыкты. Аларга жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүү, эмгек акыны көбөйтүү, энергетиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу маселелери кирет.

Кыргызстандын экономикасында басымдуу болгон реэкспорттук модель дүйнөлүк экономикадагы объективдүү тенденцияларга жана региондогу интеграциялык процесстерге каршы келип калды. Бул чабал жана көз каранды кыргыз экономикасын жигердүү өнүгүп жаткан экономикага айлантуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылууда.

2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында экономикабызды чыңдоо боюнча кадамдар белгиленген. Бул милдеттер мамлекеттүүлүктү андан ары бекемдөө максаты менен тыгыз байланышта каралган.

Акыркы мезгилде негизинен Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары аныкталды. Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында энергетикадагы, айыл чарбасындагы, транспорт жана башка чөйрөлөрдөгү алгачкы 24 улуттук долбоорду ишке ашыруу башталды. Алардын жалпы суммасы 418,9 миллиард сомду түздү. Улуттук инвесторлор жана чет элдик чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасына, тактап айтканда, курулушту жана тейлөө кызматтарын өнүктүрүүгө жакшы салым кошууда. 2014-жылы Кыргыз Республикасы биринчи жолу ички улуттук продукттун орто деңгээлине жеткен өлкөлөрдүн категориясына кошулду. Кыргызстан башка бир катар эл аралык рейтингдерде өзүнүн позициясын жакшыртты.

Ошол эле учурда Кыргызстандын экономикасында курч маселелер бар. Алар: ири жеке инвестицияларды тартуу, өнөр жайында, өзгөчө кен казуу секторунда бюджетке чоң киреше берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле бизнестин, мамлекеттин жана коомдун ортосундагы байланыштын эрежесин ачык-айкын жана түшүнүктүү кылып түзүү.

Евразия экономикалык союзуна кошулуу Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Бирок бул үчүн өлкөбүзгө айрым сыноолордон өтүүгө туура келет. Кыргыз Республикасы ушул ири интеграциялык долбоорго катышканда экономикасын чыңдап, кыргыз товарларын жана тейлөө кызматтарын атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Ушуга удаа эле улуттук кызыкчылыктарды активдүү билдирип, өнүккөн эгемендүү мамлекет катары калыптанууга тийиш.

Улуттук экономиканы чыңдоо социалдык программаларды кеңейтүүгө шарттарды түзөт. Анын ичинде билим берүүнү, саламаттыкты сактоону, илимди өнүктүрүүгө, мугалимдердин, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын көтөрүүгө, пенсия берүүнү жакшыртууга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүүгө, ошондой эле мамлекеттик башка милдеттенмелерди аткарууга кеңири жол ачат.

Элдин жашоосун жакшыртуу, кыргыз мамлекеттүүлүгүн андан ары бекемдөө, улуттук өндүрүштү жана ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана Кыргыз Республикасында ири социалдык программаларды жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин жана коомдун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынат:

2015-жыл Кыргыз Республикасында Улуттук экономиканы чыңдоо жылы деп жарыялансын.

Атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап улуттук экономиканы түзүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдарынын жана мекемелеринин жана алардын жетекчилеринин приоритеттүү милдети катары аныкталсын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөргө багытталган мыйзам долбоорлорун, башка ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну тездетүү сунушталсын:

1) 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболоруна ылайык улуттук экономиканы чыңдоого;

2) өлкөнүн экономикалык потенциалын ишке ашырууга жана Евразиялык экономикалык союздун алкагында Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын активдүү жылдырууга;

3) бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга, финансы секторун өнүктүрүүгө, тикелей чет элдик жана улуттук инвестицияларды тартууга, бизнестин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү коомчулуктун өз ара мамилелеринин ачык-айкын жана түшүнүктүү эрежелерин аныктоого;

4) жаңы өндүрүштү жана жумуш орундарын түзүүгө, мамлекеттик кирешелерди башкаруунун натыйжалуулугун көтөрүүгө, мамлекеттик активдерди сарамжалдуу колдонууга.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, башка мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик уюмдарынын жана мекемелеринин Улуттук экономиканы чыңдоо жылын өткөрүүнүн алкагындагы практикалык ишинин төмөнкү милдеттерди аткарууга багытталышын камсыз кылуу:

– улуттук экономиканын системин өркүндөтүүгө, аны 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө багыттоого;

– Кыргызстандын экономикасынын стратегиялык тармактарын: агрардык өнөр жай секторун, энергетиканы, кен казууну, транспортту жана коммуникацияларды, туризмди жана тейлөө кызматтарынын чөйрөсүн приоритеттүү өнүктүрүүгө, өнөр жайда бюджет түзүүчү ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга;

– экспортко багытталган жана импортту алмаштырган иштеп жаткан өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңыларын түзүүгө, ички жана тышкы рынокторго улуттук товарларды жана бренддерди жылдырууга;

– региондорду, өзгөчө чек ара райондорун экономикалык өнүктүрүүгө, агроөнөр жай жана башка кластерлерди түзүүгө, жаңы жумуш орундарын ачкан, инвестициялардын келүүсүнө шарттарды түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоого;

– инвесторлордун жана башка ишкердик субъекттеринин мамлекетке, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон ишениминин деңгээлин көтөрүүгө;

– экономиканын секторлорун жана региондорду өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга улуттук ишкерлерди жана бизнес-коомчулукту тартууга;

– ишкердик үчүн тоскоолдуктарды ырааттуу түрдө жоюуга, мыйзамдуулукту бекемдөөгө, коомдук тартипти камсыз кылууга, коррупцияга каршы аракеттенүүгө жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө.

2) улуттук экономиканы чыңдоо боюнча чараларды ишке ашыруудан мамлекеттик бюджетке түшкөн кошумча каражаттарды биринчи кезекте социалдык секторду колдоого жумшоону кароо;

3) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясы, башка жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип, Кыргыз Республикасында Улуттук экономиканы чыңдоо жылын өткөрүү боюнча натыйжалуу маалыматтык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул жарлыктан келип чыгуучу милдеттердин ишке ашырылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына берип турсун.

Бул жарлыктын аткарылышын көзөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына жүктөлсүн".

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан