Президент Алмазбек Атамбаев 30-декабрда "Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 18-декабрында кабыл алынган.
Президенттик аппараттан билдиргендей, ушул эле күнү, 2014-жылдын 30-декабрында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун Кыргызстандын Улуттук банктагы эсебине уставдык капиталды калыптандыруу үчүн Орусиядан алгачкы 100 миллион доллар келип түштү.
Ратификацияланган макулдашууга ылайык, уставдык капиталы 500 миллион доллар. Мындан тышкары Орусия тарап 500 миллион доллар суммасына зайымды фонддун ишине тартуу боюнча милдетти өз моюнуна алды.
Макулдашууга ылайык, фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү секторлорунда, анын ичинде агрардык өнөр жай комплексинде, кийим тигүү, текстиль жана иштетүү өнөр жайында өзүн өзү актаган долбоорлорду каржылайт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия өкмөтүнө Кыргызстан тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.