Президент Алмазбек Атамбаев депутаттардын фракциядан чыгып, депутаттык топторго жана коалициялык көпчүлүккө кошулуусуна жол берген мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев «КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган. Мыйзамга ылайык, депутаттын саясий көз караштары дал келбей калган учурда эркин депутат катары фракциянын курамына кирбей коё алат. Ошондой эле башка саясий көз караштагы ЖКнын депутаттары фракциянын ичинде же андан тышкары депутаттык топторго биригүүгө мүмкүнчүлүк алат.Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан