Асылбек Жээнбеков: “2014-жылы бир топ тарыхый чечимдер кабыл алынды, 2015-жыл да Кыргызстан үчүн тарыхый жыл болот”

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-декабрда өткөн жыйынын жыйынтыктап жатып төрага Асылбек Жээнбеков 2014-жылдагы иш-аракеттер мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө арналып, бул багытта көп иш-чаралар өткөрүлгөнүн, бир топ тарыхый чечимдер кабыл алынып, өлкөнүн өнүгүүсүнө карай ири кадамдар жасалганын белгиледи.

"Кумтөр", "Кыргызгаз", Баткен облусундагы чечилбей келген көйгөйлөр, республикалык бюджетти кабыл алуу сыяктуу орчундуу маселелер кеңири талкууланып, тиешелүү токтомдор кабыл алынганын айтып өттү. “Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча мыйзамдык базаны түзүү жаатында үзүрлүү иштедик. Бардык мыйзам долбоорлорун ыкчам кабыл алып бердик. Ошондон улам жалпы депутаттарга иштиктүү аракети үчүн ыраазычылык билдирем. Ал эми аппарат кызматкерлерине жалпы депутаттардын атынан рахмат айтам”,- дейт Жээнбеков.

Төрага 2015-жыл да Кыргызстан үчүн тарыхый жыл болорун билдирди. “Кудай буюрса, чейрек кылым чечилбей келген "Кумтөр" маселесин өлкөбүздүн чыныгы кызыкчылыгын эске алуу менен чечебиз. 9-майдан тарта Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу мүчө болуп киребиз. Бул багытта дагы бир топ иштерди жасайбыз деген ойдомун. Өзүңүздөр билгендей, келерки жылы парламенттик шайлоо болот. Аны таза жана ачык-айкын өткөрүү орчундуу иш экенин баарыбыз түшүнүп турабыз”,- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан