Айжигит Буранов Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 31-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. А.Бурановдун талапкерлигин буга чейин парламенттин тармактык комитеттери карап, жактырышкан.