Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 2012-жылдын декабрь, 2013-жылдын январь айында жүргүзүлгөн мал санактын жыйынтыгы чыгарылды. Анда белгилүү болгондой, райондогу бодо малдын саны 30 711 башты түзүп, бул 2011-жылга салыштырмалуу 892 башка өскөндүгүн көрсөтөт. Мындай маалымат өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан алынды. Ал эми райондогу койдун саны 154 388 башка жетип, өткөн жылдагыдан 5023 башка көбөйсө, жылкы 19 448 башка жетип, былтыркыдан 508 башка көбөйгөнү белгилүү болду.