Жоомарт Оторбаев өлкө түштүгүнө газ бергени үчүн Өзбекстандын премьер-министрине ыраазычылык айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 31-декабрда Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өкмөт башчы өзбекстандык кесиптешин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады жана өлкө түштүгүнө газ берүүнү жандантканы үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүдө кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланып, кыргыз тарап чек ара маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандантууну сунуштаганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Айта кетсек, өлкөнүн түштүк аймагына газ берүү кечээ, 30-декабрда жанданган. Өзбекстан газ берүүнү 2014-жылдын 14-апрелинде токтоткон болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан