Шанхайда Жаңы жыл майрамындагы тыгында 35 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 48ге жетти. Бул тууралуу 1-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя кечээ жергиликтүү убакыт менен саат 23:35 чамасында орун алган. Тыгын болгон жерде каза болгон жана жабыркагандардын басымдуу бөлүгү майрамды белгилөө үчүн келген 20 жаштагы жарандар. Алардын арасында колледжде окугандар да бар.
Адам өмүрүн алган окуядан кийин полиция кызматкерлери чогулган калың элди токтотуп, "Тез жардам" унаасын өткөрүүгө, жаракат алгандарды тыгындан алып чыгууга аракет кылышкан. Жабыркагандардын баары №1-элдик госпиталга жеткирилип, жардам көрсөтүлгөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, тыгын болгонго чейин белгисиз адам 18-кабаттуу үйдүн чатырынан жасалма долларларды ыргыткан. Бул элдин тез үйүлүшүнө, тыгындын жаралышына себеп болгон.
Азыркы тапта полиция кызматкерлери жогорудагы версияны карап, изилдешүүдө. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жогорудагы кырсык боюнча тийиштүү мекемелерге иликтөө тапшырмасын берди.