Кара-Балтада өрт кырсыгынан бир адам каза болду

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2014-жылдын 31-декабрынан саат 08:30дан 2015-жылдын 1-январында саат 08:30га чейин республиканын аймагында 38 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 44 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка караганда, Кара-Балта шаарындагы Садовая кыска көчөсүндөгү үйлөрдүн бириндеги бөлмөдө сыналгы, терезе, эшик күйгөн. Үй ээси 1958-жылы туулган Талант Жунушбаевдин күйгөн сөөгү табылган. Өрт тиричилик электр шаймандарын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан