Өткөн суткада Ош шаарынын аймагында 17 кылмыш фактысы катталды

Жаңы жыл күнү Ош шаарынын аймагында жалпысынан 17, Ош облусу боюнча 16 кылмыш катталды. Алардын көпчүлүгү ден соолукка залал келтирүү, уурулук жана мезгилсиз өлүм. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Милицияга Ош шаарынын 20 жаштагы тургуну Айчүрөк арыз менен кайрылган. Ал "30-декабрь күнү саат 20:00 чамасында «Изюм» ресторанында отурганымда белгисиз балдар коктейль сунушташкан. Анан өзүмдү билбей калыптырмын. Эсиме таксиде баратып саат 03:00 чамасында келип, мени бейтааныш, ошол коктейль сунуштаган балдар зордуктап койгондугун билдим" деген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Белгисиз себептерден уксус кислотасын ичип 42 жаштагы аял ооруканага жаткан. Ал эми бир жаран карылыгы жетип дүйнө салса, 4 адам жүрөк оорусунан көз жумган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
uulay
2015-01-01 18:10:59
Кафеге балээ барбы анан коктейл болупсун да анан озун да
0
askhattalgat
2015-01-01 22:01:08
Кызык го?! Бейтааныштын да бергенин алабы анан? Ал жакка жалгыз барыптырбы не? Айып озундого менимче
0
kalbek87
2015-01-02 00:01:59
Коктейл ичип банан закуска кылып калдынбы анан
0
Adiko..91
2015-01-04 22:49:54
кыздар озунорду абдан тын элестетесинер кандайц алданып калганынырды билбейсинер ошондуктан келечекте эне болушум керек деген ар бир айымдардын тилнги болуш керек т бироо бергенди кантип ичсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан