Бек Борбиев салтка айланган жаңы жылдык концертин берди (фото)
Бүгүн, 1-январда КРнын Эмгек сиӊирген артисти, Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты, “Заманыбыздын супер ырчысы” Бек Борбиев салтка айланган жаңы жылдык концертин берди. Бийчи кыздардын коштоосунда махабат кайрыктарына аккордеондун коштоосунда обон созуп, эл сүйүп уккан популярдуу ырларын аткарды. Ал эми алып баруучулук милдетти колго алышкан "тамашоучу" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу көрүүчүлөрдү зериктирбей күлкү сунушуп, ырдай турчу артисттерди кезек-кезеги менен чакырып жатышты. Концертке конок катары келген “Добулбас” тобу, Алтынбек Алымов, Алишер Тоотаев, Мирлан Баеков, Өктөм Сапар уулу, Нурлан Алдаяров, Ильяз Абдыразаков, Кундуз Канатбек кызы, Нена Бек Борбиевдин репертуарындагы ырларды сунушту.