Нарын шаарынын борбордук «Теӊир-Тоо» аянтында 31-декабрда кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин шаар тургундарына жаңы жылдык концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сɵз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.
Анын айтымында, аянттагы балатынын жанына атайын сахна орнотулуп, майрамдык иш-чарага камылгалар кɵрүлгөн. Шаардык маданият бɵлүмү тарабынан даярдалган концерт шаардыктардын кɵӊүлүн кɵтɵрүп, кирип келе жаткан жаңы жылды тосууда жаркын маанай тартуулады.
Иш-чарада ɵкмɵттүн облустагы ɵкүлүнүн аппаратынын аппарат жетекчиси Ж.Дүйшеев, шаар мэри Р.Адиев шаар тургундарын Жаӊы жыл майрамы менен куттуктап, аруу тилектерин жолдошту.
Ал эми майрамдык салтанаттын соӊунда облус башчысы А.Кайыповдун атынан жаӊы жылдык фейерверк тартууланды.