Алгач дайынсыз деп издөөгө алынган малайзиялык учактын 16 жүргүнчүсүнүн сөөгү табылды. Airbus A320-200 учагынын калдыктары Индонезияга алынып келинүүдө. Жүргүнчүлөрдүн сөөгү табылган жерде издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу 2-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
28-декабрда Индонезиядагы Сурабая шаарынан Сингапурга багыт алган малайзиялык учак дайынсыз жоголгон. Анда 162 адам болгону айтылган. Малайзиялык "AirAsia" компаниясына тиешелүү Airbus A320-200 учагы Сингапурга конорго бир саат калганда байланыш үзүлгөн.
Буга чейин 40 адамдын сөөгү Тынч океандагы Яван деңизинен табылганы айтылган. Бирок издөө иштерин жүргүзүп жаткан Индонезиянын Деңиз-аскердик күчтөрү бул маалыматты четке каккан. Учакты издөөгө Австралия, Малайзия, Сингапур, Түштүк Корея жана АКШ мамлекеттери катышып жатат.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып,
298 адам көз жумган. Ал эми 2014-жылдын 8-мартында Малайзиянын Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тарткан Боинг-777-200 учагы 239 жүргүнчүсү менен дайынсыз жоголгон. Издөө иштерине дүйнөнүн 30га чукул мамлекети киришип, жыйынтык чыкпай келет. Малайзия бийлиги учактын жүргүнчүлөрүнүн баары көз жумганы тууралуу билдирүү жасаган.