Өткөн суткада республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 2-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаадагы Бакаев–Айни көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайда жол кырсыгы болуп, резервуарга автоунаа кулап калган. Куткаруучулар күзөттө турушкан.

Ал эми Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүндө А.Баитовго тиешелүү үйдүн шифер жабылган, аянты 50 чарчы метр, 2 кабаттуу бастырма, 200 түк чөп, 20 түк саман, 1 тонна көмүр күйгөн. Өрт балдардын шоктугунан келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан