Бүгүн, 3-январда президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Министр мамлекет башчыга Өзбекстандан жаратылыш газын кайрадан берүү башталгандан бери өлкөнүн түштүк аймагында "Газпром Кыргызстандын" абоненттерин этап-этабы менен газга туташтыруу ишинин аяктагандыгы тууралуу маалымдады.
Кубанычбек Турдубаев президентке жаңы жылдык майрамдарда өлкөнүн энергетика системинин иши жөнүндө маалымат берди.
Жолугушууда энергетиктердин 2015-жылдагы пландары жана Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган ири долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.
Мамлекет башчы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон аталган энергетикалык долбоорлорду өз мөөнөтүндө ишке ашыруунун маанисин белгиледи.