5-февралда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айыл өкмөтүнө МТЗ-82,1 үлгүсүндөгү жаңы трактор берилди. Бул техника Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун колдоосу менен алынып келинди жана баасы 2 миллион 335 миң сомду түзөт. Буга чейин аталган районго эки трактор берилген. Кошумчалай кетсек, Кажы-Сай айылында 3, 5 миң жаран жашайт. Бул техникалар жазгы талаа иштерин өз учурунда бүтүрүүгө шарт түзмөкчү.