КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусундагы улгайган адамдар, социалдык жөлөк пул алуучулар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу 4-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Өткөн жылы министрлик социалдык өңүттө 476 адамга кызмат көрсөттү. Биздин максат - убактылуу кыйынчылыкка туш болгондорго жардам көрсөтүү. 2014-жылы ай сайын жөлөк пул алган балдардын саны 29 миңге кыскарды. Бул жылы мамлекеттик социалдык буюртманын суммасын 22,5 миллион сомго чейин көбөйттүк",- деди министр.
Белгилүү болгондой, жаңы жылдык эс алуу учурунда министр Баткен облусундагы социалдык жардамга муктаж катмар менен жолугушат.