2014-жылдын 9 ай аралыгында өлкө аймагына келген чет элдик туристтердин саны 4 миллион 69 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 9 ай аралыгында визасыз режим тууралуу мыйзам тараган 45 өлкөдөн Кыргызстанга 67 545 турист келген. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырмалуу 26 387 адамга көбөйүп, 64 пайызга өскөн.