Кыргызстанда түндүк-түштүк кошумча унаа жолунун курулушуна 2014-жылы 47 миллион 027 миң доллар бөлүндү. Маалыматты Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. Жолдун курулушуна (1-фаза үчүн) жалпы 400 миллион доллар жумшалат. Учурда курулушта 180 техника жана 470 жумушчу иштеп жатканы айтылды.
"Келишимге ылайык, 2015-жылы жолдун курулушунун негизги иштери бүтөт. Эки катмарлуу асфальт төшөө иштери башталат. Долбоорду ишке ашыруу 56 айга пландалган, курулуш иштери 2018-жылы аяктайт",- деп билдирет министрлик.