Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги буга чейин бир катар кызматтык бош орундар үчүн сынак жарыялаган. Сынактын жыйынтыгы чыкканы, аны менен бош орундарга жаңы кызматкерлер дайындалганы айтылды. Административдик мамлекеттик кызматтарга сынактан ийгиликтүү өтүшкөн төмөнкү кадрлар дайындалышты:
Төлөгөн Арбаев - Тоо-кен өндүрүшүн жана кен байлыкты коргоо башкармалыгынын адиси;
Айбек Мусаев - Каржы жана экономика башкармалыгынын экономика жана анализ бөлүмүнүн башкы адиси;
Таалайбек Пикиров - Кен пайдаланууну лицензиялоо башкармалыгынын адиси;
Айжамал Орозалиева - Инвестиция жана тышкы байланыш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.