Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында 100 кызматкер ант берди

Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында жаңы кызматка алынган 100 кызматкер ант берди. Жалпы өлкө боюнча бажы органдарында 170 кызматкер ант бергенин аталган мекемеден кабарлашты. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Масабиров өздүк курамга кайрылып, Бажы кызматынын алдында маанилүү милдеттер турганын белгиледи. Алар өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоо, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, бажы тармагындагы укук бузууларга каршы күрөшүү экенин айтты. 
"Ант берүү менен силер Кыргызстандын Бажы кызматынын толук кандуу кызматкери болосуңар. Муну менен силерге чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Силердин милдетиңерди татыктуу жана жоопкерчилик менен аткарарыңарга ишенем",- деди Масабиров.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан