11-31-декабрь күндөрү Малайзиянын борбору Куала-Лумпур шаарында өткөрүлгөн "Мисс туризм-2014-2015" Эл аралык сулуулар сынагында Венесуэладан келген Фадя Исабел Тройси жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, бул сынакка КМШ, Латын Америка, Европа өлкөлөрүнөн келген 60 кыз катышкан. Ал эми Кыргызстандын атынан барган Айжамал Осмонова “Miss Portret” наамын өңөрүп кайтты.