Жантөрө Сатыбалдиев: "Аскер бөлүгүнөн качып кеткен жоокерлердин качышына себепкер болгондор жаза алышы керек"

5-февралда премьер-министр  Жантөрө Сатыбалдиев ИИМдин Ички аскерлер бөлүгүнөн качып кеткен 39 жоокерге байланыштуу ишти иликтөө үчүн түзүлгөн жумушчу топко кыска мөөнөттүн ичинде ишин бүтүрүүнү жана Аскердик прокуратурага өткөрүп берүүнү тапшырды. “Аскердик кызмат мөөнөтүн өтөп жаткандарды аскердик бөлүктү өз алдынча таштап кетүүгө мажбурлагандар мыйзамдын чегинде толугу менен жазасын алышы керек. Ар бир офицер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса, мыйзам чегинде жооп берерин так түшүнүшү зарыл”,-  деди өкмөт башчы. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан