Ырчы Ильяз Андаш кыздуу болду

Кыргыз эстрада ырчысы Ильяз Андаш алгачкы жолу ата статусуна ээ болду. Ырчынын жубайы бүгүн, 5-январда тун кызын жарыкка алып келип, кырк жылкылуу кылып отурат. Бул сүйүнүчтүү кабары менен Ильяз SUPER.KG порталына бөлүштү.
"Бүгүн өмүрлүк жарым Сүйүүнүн туулган күнү. Өзүнүн туулган күнүндө бизди кошо сүйүнтүп, жашообуздагы чоң белекти тартуулап, кыз төрөп берди. Кош бойлуу кезинде эле кыз экенин билчүбүз. Чоң атасы да кыз күткөн болчу. Ысымын да атам ыйгарат. Ата болгонума 2 саат гана болгондуктан, чынын айтсам, ал кандай сезим экенин сезе элекмин. Кызымды да жакшылап көргөзүшө элек. Бирок сүйүнүчүмдө чек жок. Жубайымдын, кызымдын ден соолуктары жакшы, жаңы эле палатага чыгарышты",- дейт толкунданган ырчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
alaika.kg
2015-01-05 14:15:56
Ильяздын кызынын бешик боосу бек болсун!
0
admin_portal
2015-01-05 14:22:16
alaika.kg,
Катачылык кеткен, түзөтүлдү. Рахмат!
0
uulay
2015-01-05 14:35:42
Бешик боон бек болсун!
0
damirbek.seiil
2015-01-05 14:42:21
Бешик боон бек болсун омурунн берсин.
0
alaika.kg
2015-01-05 14:50:03
admin_portal, мени БАНга кетирбегенинерге рахмат!:) Жаны жылыныздар менен! Ильяздын кызынын бешик боосу бек болсун! Кен келечек каалайм!
0
Oceana
2015-01-05 16:30:35
Бешик боон бек болсун!!!!
+1
kg.sity93
2015-01-06 00:58:48
Бешик боосу ..бек болсун.омуру узун ден соолугу чын.акылдуу ыймандуу кыз болсун
0
suiuktuujar
2015-01-06 12:21:55
Кызынардын өмуру узуун болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан