Бостондогу жардырууга шектелип, "өлүм жазасына тартылат" деп айтылып жаткан Царнаевдин сот иши башталууда

2013-жылы АКШнын Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардыруу боюнча айыпталган Жохар Царнаевдин соттук иши башталууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, биринчи отурумда сот арачыларын тандоо болот. "1,2 миң талапкерден 12си гана тандалат. Мындан тышкары 6 сот арачы запаста болмокчу. Царнаевдин эми соттук отурумдарга катышпастыгы күтүлүүдө. Байкоочулардын айтымдарында, соттук процесс 3 айдан 6 айга чейин созулушу мүмкүн. Ал эми жабырлануучу тарап Царнаевге өлүм жазасын талап кылгандыгы белгилүү",- деп жазышты басылмалар.
Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Мындан тышкары 2014-жылдын 2-июнунда “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деп айыпталып 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матанов колго түшүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KIPCHAK-KALMAK
2015-01-05 16:41:14
Ммм
0
sher90kgz
2015-01-06 02:23:29
Ана сага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан