“Кымбатым”, “Бир элес”, “Биз экөөбүз”, "Жанымда дагы бир аз отуруңуз" аттуу ырларга кубулжуган үнү менен обон созгон ырчы Айпери Кулбаева уулдуу болду. Жаңы жыл алдында көз жарып, экинчи ирет наристелүү болгон ырчы жагымдуу кабары тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 5-январда билдирди.
“Уулум 26-декабрда 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Атам балама Акдил деген ысымды ыйгарды. Үй-бүлөбүз дагы бир адамга көбөйүп, Жаңы жылды чогуу тостук. Атактуу инсан болсун деп ырымдап КРнын Эл артисти Жолболду Алыбаевге тырмагын, ал эми дастанчы Бурул Стамкуловага чачын алдырдык. Тун уулум Алманга абдан окшош экен, аябай сүйүнүп жатабыз”,- дейт кубанган ырчы.