Бүгүн Балыкчы жана Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо болот

Бүгүн, 6-январда Балыкчы жана Исфана шаарларынын мэрлерин шайлоо болот. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 18-декабрдагы жыйынында кабыл алынган. Балыкчы шаарынын мэрлигине талапкер катары Марат Турдубаев, Данияр Бекбашев жана Алмаз Сагынбеков каттоодон өткөнүн мэриядан билдиришти. Ал эми шайлоо комиссиясы бардык даярдыктар жүргүзүлгөнүн билдирди.

Эскерте кетсек, Балыкчы шаарынын башчысы Мирлан Бообеков менен Исфана шаарынын мэри Ташполот Козубаев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин 11-декабрдагы жарлыгы менен иштен алынган эле. 

М.Бообековго кылмыш иши козголуп, былтыр декабрь айында кызматтан убактылуу четтетилген эле. Экс-мэр "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан