Дүйнөдө мунай баалары төмөндөө жагынан 6 жыл мурунку рекорддук чекти жаңылоодо

"Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баасы 5-январда 2009-жылкы рекорддук төмөнкү чекти жаңылады. Дүйшөмбү күнү лондондук ICE биржасында (Бишкек убактысы боюнча саат 17:40та) аталган үлгүдөгү мунайдын баррели 54,48 долларга чейин түшкөнү чет элдик маалымат булактары аркылуу жарыяланды. WTI үлгүсүндөгү мунайдын баасы да 2009-жылкы рекорддук көрсөткүчтү жаңылаганы айтылды. Мунайдын бул түрүнүн баррели 50,90 долларга чейин түшкөн. 
Мунайга болгон баалардын мындай түшүшү АКШда жаңы мунай кендеринин ачылганы тууралуу билдирүүлөргө байланыштуу болуп жатканын айтышат адистер. Фьючерстик рыноктун өкүлдөрү аталган кендерден кошумча мунайдын келерин күтүшүүдө.  
Эскерте кетсек, "Брент" үлгүсүндөгү мунайдын баррели 2014-жылдын 15-декабрында 63 доллар болчу.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан