Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак айылына гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда КРнын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Барак эксклавынын тургундарына гуманитардык жардам катары бөлүнгөн 20 тонна көмүр, 4 тонна ун жана азык-түлүктөр КРнын ӨКМнын 7 даана оор жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлгөн. Кайра кайтышканда жергиликтүү тургундардын малын, теректерин Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына алып келишет.