Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги тармактагы бош кызматтык орундар үчүн сынак жарыялады. Министрликтин маалыматына таянсак, мамлекеттик административдик төмөнкү кызмат орундарына сынак аркылуу кадрлар алынат:
Ички аудит бөлүмү - башкы адис;
Каржылык саясат башкармалыгы - Каттоо жана анализ бөлүмүнүн башкы адиси;
Реформаларды жайылтууну координациялоо башкармалыгы - Анализ жана саламаттыкты сактоо саясаты бөлүмүнүн башкы адиси, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси;
Дары-дармек саясаты жана медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгы - Дарылоо-алдын алуу жардамы бөлүмүнүн башкы адиси;
Медициналык жана фармацевтикалык тейлөөнү лицензиялоо бөлүмү - адис;
Жалпы бөлүм - адис.