Өткөн суткада өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Көлдө 4 жашар баланын шоктугунан 6 тонна чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 6-январдагы маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Сары-Ой айылындагы ачык аянтта 6 тонна чөп толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна 4 жаштагы баланын от менен ойногону себеп болгон. 

Ошондой эле Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, 40 чарчы метр, 2 кабаттуу мал сарайдын чатыры, 200 боо жүгөрү бакалы күйүп кетти. Өрт этиятсыздыктан улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан