Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө башкы прокурордун тууганынын тиешеси жок экендиги тууралуу билдирүү жасады

19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калый Саляновдун жана буга чейин ысымдары аталган жарандардын тиешеси жок экендиги аныкталды. Мындай билдирүүнү бүгүн, 6-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.

“Бул кылмыштын бетин ачуу максатында бир катар иштер жүргүзүлдү. Учурда иликтөө иш-чаралары уланууда. Сот органдары тарабынан санкция берилген 500гө чукул уюлдук телефондордун абоненттери текшерилип, каза болгон кыздын интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү баракчалары боюнча азыркыга чейинки текшерүүлөр жана аныктоолор жүрүүдө. Тергөө амалдарынын алкагында жүздөгөн адамдар суракка алынып, күбөлөр өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Бирок бүгүнкү күндө конкреттүү түрдө аталган кылмышка тиешеси бар жарандар кармала элек. Тергөөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен иликтөөнүн жүрүшү боюнча толук маалыматтарды бере албайбыз” деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча оперативдик издөө-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан. 

Эске салсак, Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында Бишкек шаарындагы Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. 16-март күнү анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Begimkyz
2015-01-06 17:58:18
Ата-энесине эле кыйын болду. Эмне деген үмүт менен өстүрүп, окутуп атышканда. Кудайдан коркпогон адам экенсиңер бийликтегилер, жазаңарды ушул дүйнөдө тирүүлөй тартасаңар экен.
+3
Tukeler
2015-01-06 18:12:43
бул кыз ким озу,депутаттын же бир шишканын кызыбы?мен эч билалбай койдум ,айтып койгулачы сураныч,ким болдукен ушул кыз???
-5
Deniza88
2015-01-07 11:43:54
Tukeler, ой жонокой эле адамдын кызы. Ата эне синин ыйлаганын коруп журок ооруйт. Анан минтип баскан турганы депутат сепутат, шишкалар болуп атпайбы
+2
Aitunuk
2015-01-06 19:35:39
19 жаштагы кыздын 50дөн өткөн адам менен үч жылдан бери тааныш болуусу, түн жарымында акча сурап чалуусу, кафеден кафе кыдыруусу көптөгөн суроолорду жаратат... "Көп баскан аяк,бок басат" деген ушул. Балдарыбызга ыйман менен акыл берсин.
+5
myshka406
2015-01-06 20:22:59
Aitunuk, сиз эн туура айтасыз,атасындай адам м.н байланышканга ким жол берди????
+5
maksnarin
2015-01-06 20:01:20
Шордуу кыз экен бул да,коп баскан аяк чок басат болгон го...
+3
atambai
2015-01-07 02:24:09
Айтунук сен кайдан билесин тун жарымында акча сурап чалганын
+1
Deniza88
2015-01-07 11:44:50
atambai, Ар бир жанылык ты кунт коюп окусан
0
zezim2000
2015-01-07 11:14:37
мындан мурунку жарыяланган жанылыктарда жазылган,сурак учурунда салянов менден акча сурап чалган деп айткан создору бар,ачык айкын коруп ,билип турсада орган кызматкерлери эчтеке кыла албайт ,себеби кылмыштын бетин ачкан адам ошо куну озуно коркунуч келерин билет.....
+2
Deniza88
2015-01-07 11:41:48
Атасындай адамдар менен мамиле кылып, алардан акча алып .... Тобооо башында аябай кейидим эле, жакшынакай кыз экен деп. Корсо.... Биз билбеген дагы канча сырларын бар эле бу кыздын... Канча адамды азапка салып кеткени аз келгенсип минтип....
-1
Саби
2015-01-07 11:54:38
Эмнегедир менин жазган коментарийим жоголуп кетти
0
admin_portal
2015-01-07 12:10:01
Саби, Саламатсызбы!
Кандай катачылык чыгып жатат? Балким сиз жазганыңызды жөнөтпөстөн баракчаны жаңылап салгандырсыз.
0
Саби
2015-01-07 12:03:05
Менин оюмча байкесин пайдаланып Аида Салянованы жумуштан кетишине шарт тузушкон жокбу.Камила деген кыз ким? Ал байкуш кызды бейкуноо олтурушуп байлык, бийлик же болбосо оздорунон аркасын ойлоп жакшы иштеген адамды жаман корсоткулору келдиби ,же болбосо канчалаган адамдарды олтуруп кетип атышат мынчалык ызы-чуу кылган эмес эле го. Азыр интернет газета,журналдардан тушурбой ал кыз жонундо жазып келишет. Башка жабырланган адамдарды да ушундай издешсе кандай жакшы болмок.
-1
Саби
2015-01-07 12:20:28
Ооба жонотпой обновл кылып койгон окшойм.Рахмат бат жооп бергенинерге.
0
doni89
2015-01-07 12:21:20
Бир күн келип бир бечераны мойнуга алдыратда бул ишти жаап кутулат ИИМри Андай кылбаса болбой калды күнөөлүүлөрдү эчека еле таап акчасын алып койгондор....
+1
bek_sarai
2015-01-07 13:08:12
ал соссузда пока власть колдо турганда аппак болуп чыгатта тварлар кыргызстанда чындык болгон эмес не когда
+1
edelveis0088
2015-01-07 16:06:54
кайдагы жалгандарды айтып куноонорго куноо кошпой эле койгула убагы келсе чындыктын суусун тамчылатып ичсенерда тамагынарды жарып кетет... бул кылмыштин бети ачылбайт тамыры дениздин тубундо жатат... бирок ото окунучтуу алланын сурагында кантип жалган айтат экенсинер...
0
s9zen098
2015-01-07 16:41:35
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун болуптур да.
+2
Bakulya79
2015-01-07 20:21:23
Эмнеси болсо да,жаткан жери жайлуу болсун.Отуп кеткен маркумдун артынан болбогон кептерди айтып кереги жок деп ойлойм.Ар бирибизде эже-синдилер,кыздарыбыз бар дегендей.Ким кылса да,кудай аны бат эле жазалап коет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан