Токмокто "таанышына бычак сайган" деп шектелип 40 жаштагы жаран кармалды

Токмок шаарында "бычак менен сайган" деген шек менен Чүй районунун Дөң-Арык айылынын тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аймактык ооруканага бычактан жаракат алып Токмок шаарынын 41 жаштагы Б.Нурбек аттуу тургуну түшкөн.  

Иликтөө иштеринин алкагында жабырлануучу 1-январь күнү саат 12:50 чамасында 40 жаштагы А.Камчыбек аттуу таанышы бычак менен сайып жибергенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кылмыш иши ичимдик ичүүдөн улам келип чыкканы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү жаран кармалып, бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
temirov76
2015-01-06 19:03:07
Атын очкур арактын пайдасыда.
-1
kg.sity93
2015-01-07 02:00:51
Ичип алып нени гана кылбай жатышат.эмне деген жашоо болуп жатат.жакшы кабар почти жок го.баарынын эле каны кайнап бычак сайып Уруп олтуруп эле жатышат..атандын гору дунуйо болуп кетти го...
+1
adinai13
2015-01-07 10:31:26
Ошону айтсан не кереги ичиштин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан