
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы муфтий
Рахматулла Эгембердиев кызматтан кетүү боюнча Уламалар кеңешине арыз жазган. Анын кызматтан кетишине өзүнө байланышкан акыркы окуялар себеп болгон. 2013-жылдын 30-декабрында youtube дүйнөлүк видеопорталына "глава ДУМК Рахматулла Эгембердиев" деген аталыштагы порнотасма жарыяланган. Анда Кыргызстандын муфтийи Рахматулла Эгембердиевге түспөлдөш адамдын бир айым менен "сүйүү отуна" батып жаткан учуру чагылдырылган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин танбай турганын айткан.

* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы америкалык актёр жана продюсер
Николас Кейж АКШнын Калифорния штатындагы Лонг-Бич шаарында туулган. Толук аты-жөнү - Николас Ким Коппола. Ал "Поцелуй вампира", "Время убивать", "Город ангелов", "Угнать за 60 секунд", "Сокровище нации", "Башни-близнецы", "Призрачный гонщик" ж.б. тасмаларда роль жаратып, "Покидая Лас-Вегас" тасмасындагы ролу үчүн "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.

* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы
Индира Ганди Индиянын өкмөт башчысы болуп шайланган. Ал эми 4 жылдан кийин, 1984-жылы 31-октябрда англиялык журналист Питер Устиновго телеинтервью бергени бара жатканда жан сакчылары тарабынан атылган. Индира Гандиге сегиз ок тийип, ооруканадан эсине келбей каза болгон.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы кытайлык "Шао уюму" медиакорпорациясынын негиздөөчүсү, продюсер, миллиардер
Шао Ифу Гонконг шаарында өз үйүндө каза болгон. Шао Ифу 1907-жылы 23-ноябрда туулган. Ал өз агалары менен 1924-жылы Сингапурда "Шао" уюмун негиздеген. 1950-жылдардын соңунда Гонконгдо "Shaw Brothers Studio" аталышындагы кинокомпанияны, 1960-жылдары "Television Broadcasts" телестудиясын негиздеген. Шао Ифу - бир гана бай адам эмес, кайрымдуулук иштеринин активдүү катышуучусу болгон. Ар кандай медициналык жана билим берүү тармактарына жүз миллиондон ашык доллар тартуу кылган. 2002-жылы медиамагнат азиялык “Нобель" сыйлыгын негиздеген.