Бакиевдердин соттолушу, жаш кыздарды зордуктоо, киши өлтүрүү, кримчөйрөдөгү жана чек арадагы атышуулар коштолгон 2014-жыл

2014-жылды жакшылыктар менен бирге жагымсыз окуялар да коштоду. Чек арадагы атышуулар, киши өлтүрүү, жол кырсыктары, жоголгон кыздар, чоң суммадагы акча карактоо, жаш балдардын өлүмүнө алып келген кокустук көңүл борборунда болду. Саясий айдыңда "2010-жылдагы Апрель окуясына катыштыгы бар" деп шектелгендердин соттолушу, Бишкектин мурдагы мэрлери Иса Өмүркулов, Нариман Түлеев, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, ЖКнын депутаттары Урмат Аманбаева, Ахматбек Келдибековго байланыштуу соттук иштер коомчулукта зор талкуу жаратты. Төмөндө 2014-жылда коомчулуктун көңүлүн бурган окуяларга көз чаптырабыз.

ЯНВАРЬ

2014-жыл башталары менен кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, 6 кыргыз, 4 тажик чек арачысы жабыркаган. Буга удаа эле белгисиз 11 адамдан турган топ кыргыз-кытай чек арасы аркылуу Ысык-Көл облусунун аймагына мыйзамсыз кирип, Аңчылык чарбасынын кызматкери Александр Барыкинди өлтүрүп, кыргыз чек арачыларына каршылык көрсөткөн. Ошондой эле Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш кыздын сөөгү табылганы коомчулукту дүрбөлөңгө салган эле.

ФЕВРАЛЬ

Ысык-Көл облусунун Боом капчыгайына кире бериш жерде милиция жана жол-кайгуул кызматкерин белгисиз адамдар атып кетишкен. Анын кесепетинен жол-кайгуул кызматкери Таштан Аскарбек уулу ийининен жаракат алып, милиция кызматкери Бакыт Абдраев окуя болгон жерден көз жумган. Ошондой эле февраль айы Жумгалдагы элдик сот менен эсте калды. Анда айыпталып жаткан милиция кызматкерлеринин бири катуу сабалып, экинчиси сууга ыргытылган. 27-февралда болсо №4-төрөткананын дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы чарчап калган ымыркай кызга алмаштырып салышкан.

МАРТ

Март айында 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева жоголду деп изделип, көп өтпөй анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөнүн жанынан табылган. Бул коомчулукту дүрбөлөңгө салган иштин бети али күнчө ачыла элек. Ал эми белгилүү кикбоксчу Руслан Абасовдун өлүмү көпчүлүккө күтүүсүз болду. Анын өлүмүнүн бетин ачууга мыкты кызматкерлер тартылган, бирок алардан дайын жок. Ошондой эле 16-март күнү 3-класста окуган кызды таш менен башка чаап өлтүрүп, зордуктоого аракет кылган жаран кармалса, 28-мартта 20 жаштагы жигит өзүнөн 17 жаш улуу аял менен жыныстык катнашта болуп, андан соң аны мууздап салган.

АПРЕЛЬ

Баткен облусунун Зардалы айылындагы жарылуу эки өспүрүмдүн өмүрүн алган. Анда 4 жаштан 10 жашка чейинки 6 бала таап алган жардыргыч зат менен ойноп жатканда ал жарылып кеткен. Бул окуя коомчулуктун оозунан түшө электе 18 жана 17 жаштагы курбу кыздардын ата-энесинен коркуп жоголуп кетиши интернетте чоң талкууга кабылган. Ал эми 22-апрель күнү 15 жаштагы бала футболго жибербей койгону үчүн таятасын балталап салса, 9-апрелде Медетбек Алымкулов аялына ачуусу келип, Бишкек шаарынын Манас жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде өз милдетин аткарып жаткан МАИ кызматкерин бычактаган.

 

МАЙ

Май айы “паспорт падышасы” атыккан Дмитрий Цойдун кармалышы менен башталган. Анда ал “2009-жылы трактордун айдоочусун тизеге атып, жанындагы дагы бир жаранды тапанча менен башка чаап жиберген” деп айыпталган. Ошондой эле май айында 3,5 жылдан бери соттун өкүмүн күтүп, баса албай, сүйлөй албай калган Шахида Аманбаева соттолгон. Чүй облустук соту аны 4 жылга эркинен ажыратып, бирок жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу сот залынан бошотулган. 10-май күнү Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринен 28 жаштагы аялды кызганычтан улам күйөөсү бычак менен сайып өлтүргөн. 26-майда болсо “карыздарын төлөө үчүн өз баласын 70 миң сомго саткан” деп шектелген 1987-жылы туулган Манзура кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 13-чакырымында болгон жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алган. 

 

 

ИЮНЬ

7-июнь күнү Ак-Суу районунун Черик айылынан 17 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал зордукталып, анан өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Ошондой эле бул айда “3 жашар кызын зордуктаган” деп айыпталып жаткан Үсөн Сакатаев 24 жылга эркинен ажыратылган. Ал 5-июнда болгон соттук процесстин жүрүшүндө лезвие менен моюнун кесип жиберген. Ал эми 8-июнь күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Достук айылында айдоочулук тажрыйбасы жок, 26 жаштагы Алмагүл аттуу айым башкарып бара жаткан унаасы менен 5 баланы тебелеп кетип, унаанын алдында калган 6 жаштагы Милана каза тапкан.

ИЮЛЬ

Июль айында Ысык-Көл облусунун Сары-Жаз аймагында бутун сындырып алган альпинисттерге жардамга бара жаткан тик учак кырсыкка учураган. Маалыматка караганда, кырсыктын келип чыгышына катуу шамал себеп болгон. Ал эми 25-июлда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев жана Данияр Үсөновду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Алар "2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген" деп табылышкан. 9-июль күнү болсо Кубанычбек Көчөров бажасын бычак менен сайып өлтүрүп, 13 жашар кызын зордуктаган.

АВГУСТ

1-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту экс-мэр Иса Өмүркулов жана аны менен бирге айыпталып жаткан мэриянын кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышкан. Буга катар эле ушул күнү 8 айдан бери тергөө абагында жаткан Ахматбек Келдибеков да сот залынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган. Ал эми 26-август күнү Бишкекте Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, коомчулукта Жин деген каймана атка ээ Алтынбек Арзымбаевди атып кетишкен. 29-август күнү жаңы төрөлгөн ымыркайды 11 500 сомго саткан жеке акушер-гинеколог кармалган.

СЕНТЯБРЬ

23-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Панфилов көчөсүндө куралчан белгисиз адамдар коопсуздук агенттигинин жетекчисин атып өлтүрүп, дагы эки кызматкердин бирин катуу ур-токмокко алып, инкассатор унаасындагы 1,5 миллиондон ашык АКШ долларын алып из жашырып кетишкен. Бул окуядан бир күн өтпөй 22 жаштагы кыз аны күч колдонуп зордуктаган 49 жаштагы жаранды бычактап салган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканадан каза тапкан. Кыздын мындай жолго барышына жарандын күч колдонуп зордуктап, кийин дагы бир жолу жыныстык катнашка барууга аракет кылгандагы себеп болгон. 7-сентябрга караган түнү Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына жакын жайгашкан “Фонта” алтын казуучу ишканасынан куралчан, белгисиз эки адам 5 килограмм алтынды уурдап кеткен. 19-сентябрда Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан имараттын жер төлөсүнөн 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы Болот Иманкулов Тажикстандан кармалган. 

 

 

ОКТЯБРЬ

Октябрь айынын башында Бишкекте аймактык милиция кызматкерин курулушта иштеген 16 кытай жараны ур-токмокко алган. Ал эми 26-октябрь күнү Таласта 79 жаштагы белгилүү ишкер Райкан Алкановго кол салуу болуп, оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын денесине бир канча жолу бычак сайылганы аныкталган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 16 жаштагы кыз жана 2 айым кармалган. 25-октябрда Кара-Балта шаарында үлпөт тойдогу кортеждин автоунааларынын бири эки аялды сүзүп кеткен. Алган оор жаракаттардан улам жабырлануучулардын бири 70 жаштагы Р.А. окуя болгон жерде, ал эми экинчиси 59 жаштагы Д.Т. ооруканада каза табышкан.

 

НОЯБРЬ

Ноябрь айы тыңчылыкка шектелип Алтынбек Муралиевдин кармалышы менен башталган. Ал КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болчу. 3-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзүп, мамлекетке 17 миллион сомдон ашык зыян келтирген" деп айыпталган. Ошондой эле ноябрь айында Ош шаардык соту Канжар Кадыралиевди жана Мелис Мырзакматовду камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 5-ноябрда болсо “80 жаштагы пенсионерди зордуктап, өлтүргөн” деген шек менен 1985-жылы туулган, үй-жайы жок, көчөдө күн кечирип жүргөн Азамат Курманалиев кармалган.

14-ноябрда кылмышкер Александр Сояпиндин огунан милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиев каза тапкан.

16-ноябрь күнү белгисиз адамдар Баткен шаарында турак үйлөрдүн бирине кирип, 61 жаштагы үй ээсин, ошондой эле 56 жаштагы аялын бычактап, үйдөн алчусун алып, из жашырып кетишкен22-ноябрда Ош шаарында «33 жаштагы келинди алдап, Түркияга сексуалдык кулчулукка 5000 долларга саткан» деген шек менен 41 жаштагы Айнура аттуу аял колго түшкөн.

ДЕКАБРЬ

2-декабрь күнү Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкованын үйүнө белгисиз адамдар киришип, 30 миң доллар акчасын алып кетишкен. Ал эми 11-декабрь күнү Урмат Аманбаевага тиешелүү кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун мурдагы жетекчиси Акылбек Байсалов асынып алган. Жыл аяктап калганда Ош аэропортунун VIP-залына куралчан белгисиз 5 адам кирип, 5,6 миллион доллар салынган 4 баштыкты карактап кеткен. 18-декабрь күнү Ош шаарында 54 жаштагы аял уулу, кызы жана күйөө баласы болуп келинин өлтүрүүгө шектелип кармалышкан. Алар мындай кадамга келиндин жаман жолго түшүп, ал гана эмес, кайнатасы менен көңүлдөш болуп алганынан улам барышканын айтышкан. Ошондой эле декабрь айында 65 жаштагы жаран 36 жана 22 жаштагы балдары менен “секелек кызды 2 жыл бою коркутуп, зордуктап жүрүшкөн” деп шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mek.kol
2015-01-07 16:55:21
ХХХ ХХХ ХХХ... конкретно
0
admin_portal
2015-01-07 16:58:49
Mek.kol - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
+1
Aidar.001
2015-01-07 18:26:35
Шумдук!
0
bolot00
2015-01-07 21:28:33
бундай жамандыктан кудай сактасын бул жыл жакшы жылдардан болсо екен
0
suiuktuujar
2015-01-08 16:31:41
Шумдугун куругур. быйылкы жыл жакшы жылдардан болсунчу.
0
kama_future_millioner
2015-01-09 00:35:20
2015 жылыбыз жалаң жакшы иштер мн коштолсун эми
0
aali-90
2015-01-09 01:50:37
бул жылы жоош жыл болот кой жылыго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан