Арабияда узундугу 5 чакырым алтын чынжыр жасалды

Бириккен Араб Эмираттарында узундугу 5,52 чакырым болгон алтын чынжыр жасалды. Жакынкы күндөрдө аталган зер буюм "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилет. Бул тууралуу 6-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, чынжырдын салмагы 256 килограмм, баасы 6 миллион доллардан ашат. Муну жасоого 100 адам 45 күн иштеп, жасоо учурунда чынжыр бир нече жолу үзүлгөн. Аны Дубайдагы алтын сатылган базардан көрүүгө болот. Ал эң узун алтын чынжыр катары "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилгенден кийин аны бөлүктөргө бөлүп сата башташат. Ар бир зер буюмга атайын код коюлуп, аны 50 162 сомдун тегерегинде сатып алууга болот. Буга чейин 1999-жылы дал ушул өлкөдө узундугу 4,28 чакырым алтын чынжыр жасалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Ashka
2015-01-07 10:32:09
Kudaiym aai wumdukko
0
Rogue
2015-01-07 10:48:54
Тагынган кыз моюну талып калат го
+1
Dadasdasd
2015-01-07 11:06:28
Rogue, 256 кл ны тагынмак беле.
0
Deesmond
2015-01-07 13:59:24
Rogue, 256 кг ны тагынса олуп калат го талыбай эле
0
Mendereska
2015-01-07 11:58:52
сонунгооо
0
dominic_toretto
2015-01-07 12:17:20
Ошондо Гиннеске кириш үчүн атайы жасаган болуп атабы?
+1
kutu_1980
2015-01-07 14:09:24
Гиннеске киргенден кийин майдалап анан сатат да
0
Rifle
2015-01-07 17:49:34
Гиннеске кирсе, алтындын акчасы чыгып калат.
0
lider-kg
2015-01-07 14:41:31
андан коро сооп иштерди кылса
+2
insap
2015-01-07 15:16:54
Арабдар заманга шайкешүү үчүн ушул жорукка барышкандай...
0
OTYPBARATYPELEEE
2015-01-07 16:35:01
Байлыктарын батыралбай зеригип ар балэээ жазап жатышат да.
:-)
0
ak-buura
2015-01-07 18:50:39
Пайгамбарыбыздын сунноту буткул ааламдан кымбат. Тарыхка карайлы пайгамбарыбыз, рашид халифтер байлыгын эмнеге жумшаганын
0
kg.sity93
2015-01-07 19:22:12
О шумдугун кургур.
0
Begimkyz
2015-01-07 19:37:44
Мурунку рекордун жаңылап коюптур да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан