Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, 2015-жылдын 6-декабры, саат 08:30дан 7-декабры, саат 08:30га чейин республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Белгилүү болгондой, Кара-Суу районундагы Кызыл-Мээнет айылында Г.Хакимовага тиешелүү үйдөн өрт чыккан. Бөлмөдөгү 1 матрац, эшик, терезе, 8 төшөк, 12 чарчы метр шып күйгөн. Өрт отко болгон этиятсыздыктан келип чыккан.
Тоң районунда М.Оконбаев аттуу жаранга таандык үйдөгү короодон 80 түк чөп күйгөн. Өрт кожоюндун 6 жаштагы уулунун от менен болгон шоктугунан келип чыккан.