Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктады

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-январда Иса пайгамбардын туулган күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Өкмөт башчынын куттуктоосунда булар айтылат: 
"Урматтуу православие динин туткан Кыргызстандын жарандары! 
Сиздердин ыйык, улуу майрамыңыздар - Иса пайгамбардын туулган күнү менен куттуктайм! Бул күн ишеним, адамгерчиликтүүлүк, боорукерлик бар экенин эскертет. Иса пайгамбардын туулган күнү жакшылык жасоо, кереметти күтүү менен коштолот. Сиздерге, туугандарыңарга, жакындарыңарга чың ден соолук, аманчылык жана бакыт-таалай каалайм!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан