Дүйнө боюнча Эбола вирусун жуктургандардын жана андан каза тапкандардын саны күн санап өсүүдө. Бүгүнкү күндө аталган вируска чалдыккандар 20 700 адамды түзсө, андан каза болгондор 8220га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда чет элдик маалымат каражаттары Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен билдиришти.
Учурда Гвинея, Либерия жана Сьерр-Леондо абал курч бойдон сакталууда. Сьерр-Леондо Эболаны жуктуруп алгандардын саны 10 миңге жетсе, андан көз жумгандар 3 миңге жетти. Либерияда бул илдетти 8100 адам жуктуруп, 3500ү каза тапты. Ал эми Гвинеяда Эболаны 2775 адам жуктуруп, 1781и каза болгон.
Ошондой эле бул миңдеген адамдын өмүрүн алган коркунучтуу вирус Мали, Нигерия, Синегал, Испания, Улуу Британия жана АКШда да катталган. Бул өлкөлөрдө Эболаны жуктургандардын саны 10 адамдан ашкан жок. Бул илдет менен эң көп катталгандар Нигерияда болгон. Ал жакта Эбола вирусу менен 20 адам катталып, анын ичинен 8и көз жумган.
Эске салсак, 2014-жылдын октябрь айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Эболадан жаңы вакцина жасаларын айткан. Ал өз сөзүндө: “Вакцина илдет чыккан Батыш Африкада январда сыналат. Ошондой эле оору катталган аймактан тыш жактарда 2015-жылдын башынан тарта сыналат”,- деп билдирген. Бирок, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин бул илдетке каршы эч кандай вакцина чыга элек. Ал эми андан көз жумгандардын саны көбөйүүдө. Аны жуктургандардын саны да күн санап өсүп жатат.
Белгилүү болгондой, өткөн жылдын декабрь айында Эбола вирусун жуктургандар 18 464тү, андан каза тапкандардын саны 6841ди түзгөн эле.