Йемендин борбору Сана шаарындагы Полиция колледжинин алдында унаа жарылып, 50дөй киши каза тапты. Буга чейин 15 адам мерт болуп, 40 адамдын жаракат алганы айтылган эле. Маалыматка караганда, имараттын алдында окуу жайга өтүү үчүн сынак тапшырып жаткандардын саны көп болгон. Бул тууралуу 7-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин 5-январда аталган өлкөдөгү Дамар шаарында жардыруу болуп, 6 адам каза тапкан. Окуя боюнча жоопкерчиликти "Аль-Каида" алган.
Йеменде 2011-жылы бийлик алмашкандан бери курч кырдаал орноп келет. Өлкөнүн түштүгүндө "Аль-Каиданын" согушчандары уюштурган теракттар токтобой келет.