Ош. "Ажылык сапарга барууга жардам берем" деп алдап, 5 адамдан акча алган жаран кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 7-январда билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 5 адам арыз менен кайрылган. Алар Я.Х. аттуу жаран "ажылык сапарга барууга жардам берем" деп убадалап, ар биринен 2500 доллардан акча алганын айтышкан. Жалпы 12 500 доллар акчаны алып, убадасын аткарбаганын билдиришкен.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын буга чейин 4 жолу соттолгону аныкталган. Ушул сыяктуу окуяларга туш болгон жарандар 0701 41-55-00, 0552 85-80-70 номурлары аркылуу Ош ШИИБине кайрылышса болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Rifle
2015-01-07 23:14:22
Бул кылмышкерди ищдебесе да , озу жазасын алат эле. Коркбой жасаганы тан калычтуу.
0
Batma.Sh
2015-01-07 23:25:00
Өзбек экен.Фамилиясы аты Я Хдан башталыптыр.
0
Nur45
2015-01-08 01:19:50
Batma.Sh, Оа досум ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2015-01-08 09:16:12
Nur45 - 3 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
kadamjai1977
2015-01-08 03:42:56
Алладан коркпогон адамдар да жашайт арабызда этият болушубуз керек.
0
admin_portal
2015-01-09 09:13:02
Rifle - эскертүү! Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан