Борбор калаадагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана майып балдар үчүн жаңы жылдык спектакль тартуулады. КРнын Социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте өткөрүлгөн кайрымдуулук иш-чарасында "Зымырыт шаарынын сыйкырчысы" аттуу спектакль көрсөтүлдү. Бул тууралуу 7-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Спектакль көрүүгө Бишкектеги балдар үйүнөн, Чүй облусундагы Москва, Жайыл райондорунан жана Ысык-Көл облусунан 620 бала келген. Балдардын борборго келүүсүнө КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көмөк көрсөткөн.