Сүрөтчү Наристе Алиева Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиевадан кордук көргөнүн жарыялады

Белгилүү сүрөтчү Наристе Алиева Адилет министрлигинде иштеген аткаминерден коргоп калуу өтүнүчү менен коомчулукка кайрылат. Мындай билдирүүнү сүрөтчү өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. "Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева күйөөсү Дүйшөн Момунов экөө мени жазалайбыз деп коркутуп, Тынчтык проспектисиндеги №91-үйдүн лифтине камап, бир нече саатка чыгарбай коюшту. Мени лифтке камап майып кылып, өлтүрүп кетебиз дешти",- деп жазат Алиева. Ал шаардагы Ленин РИИБине арыз жазганын билдирди. Жабырлануучунун айтымында, Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева жогоруда аталган үйдө жашайт. Ал үйдө сүрөтчүнүн кеңсеси да жайгашкан. "Мамбеталиева бизден ылдыйкы кабатта жашайт. Анын айтымында, такабызды тарсылдатып, катуу басат экенбиз",- деп кошумчалайт сүрөтчү. 

1. Сүрөтчү Наристе Алиева

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан