Өлкөдө 7 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам катары көмүр берилди

Борбор калаада бүгүн, 8-январда өлкө аймагындагы балдар интернаттарынын жетекчилеринин катышуусунда Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коллегиясында министр Кудайберген Базарбаев өлкөдө 7 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, 7215 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берүү максатында жергиликтүү бюджеттерден акча бөлүнүп, 7905 тонна көмүр сатылып алынган. Жалпысынан материалдык жардамга 12 917 үй-бүлө муктаж. Бирок бюджеттеги акча каражатынын жетишсиздигинен Ысык-Көл жана Талас облусундагы үй-бүлөлөр көмүр алышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан