Чүй облусунда таксистти таш менен башка чаап, унаасын айдап качып кеткен жаран кармалды

Чүй облусунда таксистти таш менен башка чаап, унаасын айдап качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-январь күнү милиция кызматкерлерине таксист болуп иштеген 28 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал кардар катары унаага отурган белгисиз жигит таш менен башка чаап, унаасын айдап качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан