Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Москвада сакталып турган архивдик материалдар алынып келинди

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Москвада сакталып турган архивдик материалдар алынып келинди. Муну өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров  бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына билдирди. Анын билдиришинче, бул материалдар кыргыз-тажик чегин тактоого көмөк берет. 
"Материалдар өкмөттүн демилгеси менен алынып келип, учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын архивине киргизилип, сакталып турат. Ал эми январь айынын соңунда эки тарап тактоо иштери тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт",- деди Искандаров.      
Айта кетсек, эки тарап тактоо боюнча бир топ убакыттан бери бир пикирге келе албай жатат. Тажикстан 1924-1926-жылдары бекитилген карталарга жана документке таянууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан