Өткөн сутка ичинде Бишкекте эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-январда билдирди.
Маалыматка караганда, жансыз дененин бири Калыс-Ордо жаңы конушунан табылган. Анын жашы болжол менен 45-50 чамасында. Ал эми экинчиси Бишкек шаарындагы батирдин ичинен табылган. Ал 1942-жылы туулган үй ээси болгон.