Бүгүн, 8-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде жашоо чындыгын чагылдырган “Бар үмүтүм сенде” аталышындагы көркөм тасманын бет ачары өтүүдө. Аталган фильмдин сценарийинин автору жана режиссёру - КРнын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев.
Фильмдин башкы каармандарын Нурсултан Урматов, Наргиза Осмонова, Залкар Карымшаков, Эльвира Жумалиева жана башкалар ойношкон.
“Тасманын сценарийин 8 жыл мурун сахнага арнап жазгам. 2 жылдан кийин кайрадан иштеп чыгып, тасма тартууну туура көрдүм. Тасма сынактарга арналып тартылган жок. Ушул кинону көргөн 100 кишинин бири ажырашпайм деген ой менен кетсе, бул биздин жеңишибиз”,- дейт Турусбек Жумалиев.