Бүгүн, 6-февралда ЖКнын жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков акыйкатчыны шайлоодо колдонулган бюллетендерди көрсөтүүнү талап кылды. Анын айтымында, шайлоо тартип бузуулар менен өттү. “Менде шайлоонун тартип бузуулар менен өткөнүн далилдей турган фактылар бар. Бюллетендер бузулган, шайлоо легитимдүү деп эсептелиши үчүн мага бюллетендерди көрсөтүүңүздөрдү суранам”,- деди депутат.