Кара-Көл шаарынын тургунун “Камчы Көлбаевдин атынан келдик, 100 миң доллар бересиң” деп коркуткан үч жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 8-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-январь күнү саат 15:30 чамасында Кара-Көл шаарынын Бекешов көчөсүндө жашаган 63 жаштагы тургунду баласынын көзүнчө коркутуп, акча талап кылышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.